Ильзат Ахметов Россиянын эң кымбат футболчуларынын бири болду. Рейтинг

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүФутбол. Кубок России. Матч "Алания" - ЦСКА
Футбол. Кубок России. Матч Алания - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмени түзүүдө эксперттер оюнчулардын баасын чыгаруу менен алектенген Transfermarkt немец сайтындагы маалыматтарга таянышкан.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Россиянын "Чемпионат" порталы россиялык эң кымбат футболчулардын тизмесин түздү. Алардын арасында Кыргызстанда төрөлгөн Ильзат Ахметов дагы бар.

Эксперттер тизмени түзүүдө оюнчулардын баасын чыгаруу менен алектенген Transfermarkt немец сайтындагы маалыматтарга таянышкан.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурзаев: футболчу болом деп ойлогон эмесмин
Рейтингдин сап башына ЦСКАда ойногон 29 жаштагы Марио Фернандес чыкты. Эгер ал башка клубга өтө турган болсо баасы эң аз дегенде 30 миллион еврону чапчыйт.

Экинчи орунга "Монако" үчүн ойногон россиялык Александр Головкин илинди. Россиянын жарым коргоочусу үчүн 2018-жылдын жай айында клуб 25 миллион евро төлөп берген.

Үчүнчү сапта "Локомотивдеги" футболчу Алексей Миранчук турат. Ал 18 миллион еврого бааланган. Ал эми тизмедеги топ-5ке Артем Дзюба ("Зенит", 16 миллион евро) менен Федор Чалов (ЦСКА, 16 миллион евро) кирген.

Москванын ЦСКА клубунун жана Россиянын курама командасынын жарым коргоочусу Ильзат Ахметов болсо рейтингдин 20-сабына илинди. Азыркы тапта оюнчу 7,5 миллион еврого бааланууда.

"Ахметов "Рубинден" кеткен учурда 400 миң еврого бааланып жаткан. Бир жарым жыл аралыгында ЦСКАнын жарым коргоочусунун баасы 7,5 миллион еврого чейин өстү", — дешти рейтингдин авторлору.

Футбольный матч Кыргызстан — Мьянма в рамках отборочного раунда ЧМ-2022 - Sputnik Кыргызстан
КР футболчусу Индонезиянын жогорку лигасындагы клуб менен келишим түздү
Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашында негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.

Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өткөн. Ошондой эле ал Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0