13:25 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
123 0 0

Кыздардан куралган хоккей командасы азырынча машыгып жатат. Федерация спортчуларды күзүндө эл аралык турнирге катыштырууну пландап жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда хоккей боюнча кыздардын алгачкы командасы түзүлдү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, федерация жылдын башында Отрадное айылынан ар кайсы курактагы кыздарды чогултуп, командага бириктирген.

"10 жаштан 20 жашка чейинки 20дай кыз машыгууда. Күзүндө күчүбүздү сыноо үчүн эл аралык турнирге катышууну пландап жатабыз", — деди Болотбеков.

Ал ошондой эле Нарында дагы команда түзүү пландалып жатканын кошумчалады. Ал жакта сегиз кыз машыгат.

Тема боюнча

Талант Дүйшөбаевдин уулдары гандбол боюнча Европа чемпиону болушту. Видео
Белгилер:
федерация, команда, кыздар, хоккей, Ысык-Көл, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ