Ухань шаарында боксчуларды Олимпиадага тандап алуу турнири болбой калды

© AFP / Patrick Smith / Getty ImagesБоксерский бой между Keeshawn Williams и Фархада Фатуллойя
Боксерский бой между Keeshawn Williams и Фархада Фатуллойя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицензиялык турнир коронавирус тараган Ухань шаарында 3-февралдан 15-февралга чейин өтмөк. Спортчулардын коопсуздугу үчүн уюштуруу комитети турнирди башка жерге жылдырууну чечишкен.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Боксчуларды Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин биринчи этабы Кытайда болбой калды. Бул туурасында КРдин улуттук Олимпиада комитетинен билдиришти

Маалыматка ылайык, бокс боюнча лицензиялык турнир Кытайдын Ухань шаарында 3-февралдан 15-февралга чейин болмок. Ал коронавируска байланыштуу өтпөй турган болду.

"Шаардын жашоочулары коронавирустан катуу жабыркап, каза таап жаткандыгына байланыштуу Эл аралык олимпиада комитети менен аймактык уюштуруу комитети турнирди башка жерде өткөрүүнү чечти", — деп айтылат маалыматта.

Лицензиялык мелдеш өтө турчу жер жана убактысы кийинчерээк айтылары кошумчаланды.

Уральские ученые предложили препарат против коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун алгачкы сүрөтү жарыяланды
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 2,8 миң адамга жугуп, 80 кишинин өмүрүн алды. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотууну чечти.

Жаңылыктар түрмөгү
0