КР футболчусу Индонезиянын жогорку лигасындагы клуб менен келишим түздү

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч Кыргызстан — Мьянма в рамках отборочного раунда ЧМ-2022
Футбольный матч Кыргызстан — Мьянма в рамках отборочного раунда ЧМ-2022 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козубаев буга чейин Кыргызстандын "Дордой" жана "Алга" клубдарында, Литванын "Шауляй" жана "Гранитас", Сербиянын "Ягодина" клубунда ойногон.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында коргоочу милдетин аткарган Темирлан Козубаев Индонезиянын жогорку лигасындагы "Персита Тангеранг" клубу менен келишим түздү. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурзаев: футболчу болом деп ойлогон эмесмин
Спортчунун келишим менен аталган клубда жыл аягына чейин ойной турганы айтылат.

Козубаев буга чейин Кыргызстандын "Дордой" жана "Алга" клубдарында, Литванын "Шауляй", "Гранитас" жана Сербиянын "Ягодина" клубунда ойногон. Ал эми былтыр Малайзиянын PKNS FC клубунун намысын коргогон.

Белгилей кетсек, жылдын башында дагы бир кыргызстандык футболчу Азамат Байматов малайзиялык "Куала-Лумпур" клубу менен келишим түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0