15:42 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
464 0 0

Учурда беш спортчу Олимпиадага жолдомо алды. Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландап жатат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар таймаша турган күндүн так датасы белгилүү болду.

XXXII жайкы оюндар үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин созулат. Учурда балбан Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекованын, жөө күлүктөр Дарья Маслова менен Юлия Андрееванын жана сууда сүзгүч Денис Петрашовдун лицензиясы бар.

Кыргызстандык башка спортчулар дагы лицензиялык турнирлерден жолдомо алышы ыктымал. Буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландап жатканын айткан.

Эл аралык Олимпиада комитети атамекендик спортчулар катыша турган беттештердин расписаниесин жарыялады.

  • 25-июль — Денис Петрашов (100 метр)
  • 28-июль — Денис Петрашов (200 метр)
  • 4-август — Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү)
  • 4-август — Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш)
  • 8-август — Юлия Андреева менен Дарья Маслова (марафон)

Тема боюнча

Шайлоо, Олимпиада, эл каттоо. 2020-жылы Кыргызстанды кандай окуялар күтөт
Республикалык олимпиаданын экинчи туру жаңы шарт менен өтөт
Белгилер:
спортчу, Кыргызстан, Токио, олимпиада

ЭҢ МААНИЛҮҮ