Конор Макгрегор тизмесиндеги жаңы атаандашы тууралуу айтты

© REUTERS / Steve Marcus / File PhotoКонор МакГрегор. Архив
Конор МакГрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Макгрегор 18-январда Лас-Вегаста өтө турган UFC 246 турниринин алкагында америкалык мушкер Дональд Серроне менен беттешет.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешкенден кийин анын мекендеши Жастин Гэтжи менен октагондо жолугушу мүмкүн. Бул туурасында ал MMA Fighting сайтына берген маегинде айтып берген. 

"Жастин өзүн алып жүргөнүн көрүп күлкүм келе берет. Ал кызыктай бала, бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл ала берет", — деген Макгрегор.

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов Макгрегорду атаандаш катары көрбөйт
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен 18-январда Лас-Вегаста өтө турган UFC 246 турниринин алкагында беттешет. 

Ал арада UFC президенти Дана Уайт ирландиялык мушкер 2020-жылы Серронеден тышкары дагы эки мушкер менен беттеш өткөрөрүн билдирип, болжолдуу атаандаштары россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Хорхе Масвидал болушу мүмкүндүгүн айткан.

Конор акыркы кармашын 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Каршылашы Серроне да соңку мелдешинде жеңилүү ызасын тарткан болчу. Анда октагонго сөз болуп жаткан Жастин Гэтжи менен чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0