Футбол борборун курууга жер берилмей болду. Дареги

© Фото / пресс-служба ФФКРПроект футбольного центра в Бишкеке
Проект футбольного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол борборун курууга бериле турган жер талашка түшүп, бир нече күндөн бери талкуу жаратып жаткан.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын грантынын эсебинен курула турган футбол борборуна берилчү жер такталды. Бул туурасында Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашты. Ал жер тилкеси Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.

Футбол борбору жана анын таржымалы

Стадион «Волгоград Арена» - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакта футбол борборун курууга жер берүүнү талап кылган флешмоб башталды
Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар бөлүүнү пландоодо. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот. Ал үчүн 8-10 гектар жер керек экендиги айтылды.

Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт талап кылынарын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0