Айсулуу Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталды. Видео

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanЧемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг
Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова күрөш боюнча чоңдор арасында алтын медаль уткан алгачкы кыргызстандык спортчу болуп эсептелинет. Мындай ири мелдештен 2007-жылы Канат Бегалиев, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алышкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш федерациясы (UWW) тарабынан "2019-жылы тарых жараткан адам" деп табылды.

Спортчунун быйыл дүйнө чемпиону болгон ирмемдери сүрөттөлгөн роликти уюм социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

"Дүйнө чемпиону болуу — бул кыял. Менин кыялым орундалды. Бул менин командамдын жана өлкөмдүн жеңиши", — деп Тыныбекованын айтканын UWW видеонун астына жазган.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2019-жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова, Жолдошбеков, Аманбеков. Жылдын мыкты спортчулары аныкталды. Сүрөт
Эске сала кетсек, Тыныбекова ушул жылдын 16-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатка катышып, 62 килограмм салмактагылар арасында алтын медаль уткан. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан болуп калды. Мындай ири мелдештен 2007-жылы Канат Бегалиев, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алышкан. Андан тышкары, Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Спортчу мекенине кайтып келген соң мамлекеттин президенти Сооронбай Жээнбеков ага үч бөлмөлүү үй тапшырган. Ошондой эле Тыныбекованын мамлекеттик спорт агенттиги берип келген 60 миң сом стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул кыргызстандык спортчуларга берген стипендиянын эң жогоркусу болуп эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0