Быйыл кыргызстандык спортчулар канча медаль алды? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегик көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегик көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында 1860 спорттук иш-чара өткөрүлсө, алардын ичинен 125и эл аралык турнирлер. Мындан тышкары. кыргыз спортчулары 173 эл аралык мелдешке катышуу үчүн чет мамлекетке жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. 2019-жылы кыргызстандык спортчулар 1306 медаль уткандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда 442си алтын, 367си күмүш жана 497си коло медаль экендиги айтылат.

Өлкө аймагында 1860 спорттук иш-чаралар өткөрүлсө, алардын ичинен 125и эл аралык турнирлер.

Мындан тышкары, кыргыз спортчулары 173 эл аралык мелдешке катышуу  үчүн чет мамлекетке жөнөтүлгөн. Жалпысынан 168 окуу-машыгуулар өткөрүлгөн.

Жакында эле Спорт агенттиги жылдын мыктыларын аныктаган. Кененирээк шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0