Хабибдин атасы UFC уюмунун башчысынын айткандарына жооп берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЗаслуженный тренер России, отец и тренер бойца ММА Хабиба Нурмашомедова Абдулманап Нурмагомедов
Заслуженный тренер России, отец и тренер бойца ММА Хабиба Нурмашомедова Абдулманап Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт январдын ортосунда боло турчу турнирге россиялык чемпионду да көрүү ыктымалдыгы бар экенин айткан.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов 18-январда Лас-Вегаста боло турчу Конор Макгрегор менен Дональд Серроненин беттешине баласынын да, өзүнүн да барайын деген планы жок экенин Sputnik агенттигине билдирди.

Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт январдын ортосунда боло турчу турнирге россиялык чемпионду да көрүү ыктымалдыгы бар экенин айткан.

"Биринчи жолу угуп жатам. Эмне үчүн ал турнирге барышыбыз керек. Дональд Серроне жакшы жигит. Менде керек болсо виза да жок, анан кантип бармак элек", — деди Нурмагомедов.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор акыркы жолу беттешин 2018-жылы 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында АКШда өткөргөн. Анда ал Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Эми ал реванш алгысы келерин ар бир жолугушуусунда айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0