КР хоккейчилери Олимпиада-2022 оюндарынын тандоо турунан өтпөй калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2022-жылы өтө турчу кышкы Олимпиада оюндарына карата хоккей боюнча экинчи тандоо туру Румынияда өттү. Анда аталган өлкөнүн оюнчулары жеңишти камсыздашты.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 2022-жылы Кытайда боло турчу Кышкы Олимпиада оюндарына тандоо турунун кийинки этабына өтпөй калды. Бул тууралуу хоккейдин эл аралык федерациясынын сайтында маалымдалат. 

Тогуз тишинен ажыраптыр. Америкалык хоккейчинин кан түкүргөн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тогуз тишинен ажыраптыр. Америкалык хоккейчинин кан түкүргөн видеосу
Тандоо турунун экинчи айлампасы Румыниянын Брашов шаарында жыйынтыкталды. Кыргызстандын оюнчулары Исландия, Румыния жана Израилдин командаларынан утулуп калган.

Үч оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы турнирдик таблицада акыркы орунда калып, Олимпиадага катышуу жолдомосунан куру калды. Тайпада биринчи орунду румыниялык оюнчулар алган.

Кыргызстандын хоккейчилери биринчи квалификациялык раундда ийгилик менен баштаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0