Аз жерден калды... Аманда Нуньес каршылашын жеңип, наамын коргоду. Видео

© REUTERS / Stephen R. Sylvanie-USA TODAY SportsUFC 245 в Парадайсе. Аманда Нуньес и Жермейн де Рандами
UFC 245 в Парадайсе. Аманда Нуньес и Жермейн де Рандами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилиялык мушкер үчүн кармаш оңой болгон жок. Атаандашы Рандами оор соккуларды жиберип жаткандыктан Нуньес күрөшкө ыктаганга аргасыз болду.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы (61 кг.) чемпиону Аманда Нуньес голландиядык каршылашы Жермейн де Рандамини утуп наамын сактап калды. Бул туурасында UFC уюмунун расмий Instagram баракчасында айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Беттеш UFC 245 турниринин алкагында Невада штатында өттү. Мушкер кыздардын беттеши беш раундга созулуп, калыстардын чечими менен Нуньес жеңишин майрамдады. Муну менен жеңил салмактагы чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоп калды.

​Белгилей кетсек, бразилиялык мушкер үчүн кармаш оңой болгон жок. Атаандашы Рандами кикбокстун чебери болгондуктан ага оор соккуларды жиберип жатты. Мындан улам Нуньес беттешти баштан аяк партерде өткөрүүгө ыктады.

​Мушкерлер буга чейин 2013-жылы октагондо жолугуп, анда дагы Нуньес Рандамини техникалык нокаут менен утуп алган.

Эске сала кетсек, Нуньес кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун мурдагы атаандашы. Алар эки жолу беттешип, бардыгында тең бразилиялык спортчу уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0