Күлүмсүрөп... Валентина Шевченко көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар 2020-жылдын 8-февралында Хьюстондогу (АКШнын Техас штаты) UFC 247 турниринин алкагында күч сынашат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Мушкер Валентина Шевченко менен атаандашы америкалык Кэтлин Чукагян боло турчу мелдештин уюштуруу иштеринин алкагында жолугуп, көз караштар таймашын өткөрдү.

Жолугушуунун видеосун Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Эске салсак, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко америкалык мушкер Кэтлин Чукагян менен беттешип, наамын үчүнчү ирет коргойт. Беттеш 2020-жылдын 8-февралында Хьюстондогу (АКШнын Техас штаты) UFC 247 турниринин алкагында болот.

Кадрларда көрүнүп тургандай, спортчулар бири-бирин жылуу кабыл алган. Атаандаш экенине карабай, кыздар ашыкча агрессия көрсөтпөй, күлүмсүрөп коштошту.

Жаңылыктар түрмөгү
0