КР хоккейчилери кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо туруна катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири мелдештин тандоо турнирине кыргызстандык 20 спортчу барат. Аларды машыктыруучулар, менеджерлер жана дарыгерлер коштоп жүрөт.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо мелдешинин экинчи туруна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мелдеш 12-15-декабрь күндөрү Румыниянын Брашов шаарында өтөт. Турнирге кыргызстандык 20 спортчу катышат.

Команданын курамы:

  • Эрназар Исматов — коргоочу;
  • Олег Колодин — чабуулчу;
  • Антон Кудашов — чабуулчу;
  • Уран Турсунбеков — чабуулчу;
  • Адис Качкынбеков — коргоочу;
  • Владимир Ничипуренко — чабуулчу;
  • Ажымухамед Улукбек уулу — чабуулчу;
  • Жанболот Тагаев — чабуулчу;
  • Артур Аяпов — коргоочу;
  • Кадыр Алымбеков — дарбазачы;
  • Михаил Чувалов — чабуулчу;
  • Артем Горобец — коргоочу;
  • Владимир Носов — чабуулчу;
  • Александр Титов — коргоочу;
  • Максим Егоров — коргоочу;
  • Кузьма Терентьев — коргоочу;
  • Александр Петров — дарбазачы;
  • Андрей Тришкин — чабуулчу;
  • Эрсултан Мирбеков — коргоочу;
  • Владимир Тонких — чабуулчу.

Спортчуларды коштоп барчулардын тизмеси:

  • Павел Сазонов — башкы машыктыруучу;
  • Айваз Оморканов — машыктыруучу;
  • Талант Сарымсаков — дарыгер;
  • Нурбек Ташболот уулу — сервис менеджер;
  • Элзар Болотбеков — башкы менеджер.

Хоккейчилердин мелдеши үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция 1 миллион 387 миң сом бөлгөн.

Белгилей кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20-февраль күндөрү Пекинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0