Дүйнө чемпионаты: КР футбол командасы тандоо турунун кийинки этабына өтөбү?

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан F тайпасында Тажикстанды кошумча көрсөткүчтөр менен артта калтырып, экинчи орунда келе жатат. Бирок бардык командалар дагы 3-4 жолу беттеш өткөрүшү керек.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Футбол тууралуу өз божомолун сунуштаган football-rankings.info сайты 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын кийинки туруна чыгууга Кыргызстандын курама командасынын мүмкүнчүлүгү бар экенин жазып чыкты.

Кыргызстан F тайпасында Тажикстанды кошумча көрсөткүчтөр менен артта калтырып, экинчи орунда келе жатат. Бирок бардык командалар дагы 3-4 жолу беттеш өткөрүшү керек.

Сборная Кыргызстана по футболу во время озвучивания гимна до матча Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
FIFA рейтинги: Кыргызстандын футбол командасы артка кетти
Эми үчүнчү этапка өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген сегиз команда чыгат. Ошондой эле экинчи орунду камсыз кылган төрт команда кошулат. Демек, Кыргызстанда мүмкүнчүлүк бар деп эсептесек болот эле. Бирок өз тайпасында үчүнчү орунда келе жаткан командалардын арасында Кыргызстандан көбүрөөк упай топтогондор бар экенин унутпашыбыз керек.

Буга чейинки божомолдору туура чыгып жүргөн сайт командалардын мүмкүнчүлүгүн төмөнкүчө баалады.

Лидерлер Сирия, Япония жана Австралиянын мүмкүнчүлүктөрү — 99 пайыздан. Оман жана Түштүк  Кореяныкы — 90-94 пайыз.

Кыргызстандын курама командасы 9,03 пайыз менен 21-орунда турат. Ал эми биздин тайпадагылар (Япониядан башкасы) төмөнүрөөк жайгашкан. Мисалы, Тажикстан — 4,81, Мьянма — 0,16, Монголия — 0.

Жаңылыктар түрмөгү
0