Европада биринчи ирет мыкты дарбазачыга Лев Ящин атындагы сыйлык ыйгарылды

© REUTERS / Christian HartmannВратарь английского клуба "Ливерпуль" и сборной Бразилии по футболу Алиссон Бекер
Вратарь английского клуба Ливерпуль и сборной Бразилии по футболу Алиссон Бекер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтик дарбазачынын атындагы сыйлык 2019-жылы France Football журналы тарабынан негизделген. Сыйлык тапшыруу аземи Париждеги Шатл театрында өттү.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Англиянын футбол боюнча "Ливерпуль" клубунун жана Бразилия курама командасынын дарбазачысы Алиссон Бекер Европа чемпионаттарында мыкты аталган дарбазачыларга бериле турган Лев Ящин атындагы сыйлыкка биринчи ирет татыды. Бул тууралуу France Football басылмасынын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Сыйлык тапшыруу аземи дүйшөмбү күнү Париждеги Шатл театрында өттү.

Алиссон 2018-2019-жылдардын жыйынтыгы боюнча эң мыкты голкипер аталган. Ал Бразилия командасынын курамында жүрүп Америка Кубогун, "Ливерпулда" ойноп УЕФА чемпиондор лигасын жеңип алган.

Советтик дарбазачынын атындагы сыйлык 2019-жылы France Football журналы тарабынан негизделген. Франциянын журналы 1956-жылдан бери планетанын эң мыкты оюнчусуна "Алтын топ" тапшырып келет. Ящин тарыхта "Алтын топ" сыйлыгын алган (1963-жылы) жалгыз дарбазачы.

Жаңылыктар түрмөгү
0