Допинг менен күрөшүүдө Түркия Кыргызстанга жардам бермей болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМосковская антидопинговая лаборатория
Московская антидопинговая лаборатория - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн спорт жана жаштар министрлеринин жыйыны өтүп, ага беш мамлекет катышкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Түркия допинг колдонууга каршы туруу үчүн лабораториялык изилдөө жаатында өз тажрыйбасын колдонууну сунуштады. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

29-ноябрда Бишкекте Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн спорт жана жаштар министрлеринин жыйыны өткөн. Ага Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышканы айтылат.

Кыргызстандын спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов 2020-жылы Ош шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш лидерлеринин форумун өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирди.

"Допингге каршы туруу маселеси да талкууланды. Түркия тарап чоң спорттогу көйгөйлөрдү эске алып, Анкарадагы допингди аныктоо боюнча лабораториянын иши менен таанышып, өз тажрыйбасын колдонууну сунуштады. Натыйжада Спорт агенттигинин өкүлдөрү жакында Анкарага барып тажрыйба топтоп келмей болду", — деди Аманкулов.

Всемирное антидопинговое агентство WADA - Sputnik Кыргызстан
Россиялык спорттун башына түшкөн мүшкүл. WADA докладынын кооптуулугу эмнеде?
Ал эми Азербайжандын спорт жана жаштар министри Азад Рагимов менен жаштар саясаты жана спорт тармагы боюнча документтерге кол коюлган.

"Биз кыргыз спортчуларын тренинг жана окуу-машыгууларды өткөрүүгө чакырабыз. Спорттук медицина жаатында тажрыйба алмашып, Кыргызстанда жана Азербайжанда өтө турган ар кандай эл аралык мелдештерге катышабыз", — деди Рагимов.

Ошондой эл ал Азербайжанда спорт тармагындагы 45 олимпиада комплекси иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0