FIFA рейтинги: Кыргызстандын футбол командасы артка кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековСборная Кыргызстана по футболу во время озвучивания гимна до матча Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года
Сборная Кыргызстана по футболу во время озвучивания гимна до матча Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айында кыргызстандык футболчулар дүйнө чемпионатынын алкагында эки, жолдоштук бир беттеш өткөргөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол командасынын FIFA рейтингиндеги позициясы артка кетип, 96-орунга түшүп калды. Бул туурасында өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Жаңыланган рейтинг бүгүн, 28-ноябрда, жарыяланды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол курама командасынын баасы өсүп, рекорд койду
Ноябрь айында КР футболчулары 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында эки оюн өткөрүп, атаандаштарды өз талаасында кабыл алышкан. Кыргызстандык команда Япониядан 0:2 эсебинде утулуп калса, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыккан. Ал эми Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрүп 1:3 эсебинде утулуп калган.

Натыйжада улуттук команда FIFA рейтингинде ноябрь айына салыштырмалуу эки орунга артка жылып, 96-сапты ээледи.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтинги боюнча Кыргызстан 14-орунда турат.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башына Бельгия, Франция, Бразилия чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0