БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык боксчулар Казакстандагы эл аралык турнирден үч медаль утту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, турнир Актау шаарында 20-24-ноябрда өткөн. Мелдеш алгач ирет СССРдин спорт чеберине татыган Казакстандын спортчусу Шокыр Болтекулдун элесине арналып, 12-ирет өткөн. Ага алты өлкөдөн 70 боксчу катышкан.
Турнирдин алкагында кыргызстандык Сабырбек Таалайбек уулу күмүш медаль тагынып, "Жеңишке болгон эрк" номинациясын алган. Ал эми Бектур Алымбек уулу менен Шермашамат Хакимов коло байгеге татыды.