Кыргыз-тажик оюну: Крестинин КР футболчуларынын негизги катасын атады

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крестинин оюнчулар берилген тапшырманы аткарбай, өздөрү башка чечим кабыл алып ойногонуна нааразы болгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин тажик оюнчулары менен болгон беттеште улуттук кураманын футболчулары үстөмдүк кылганын айтты. Ошол эле учурда кетирилген кемчиликтер да болгон.

2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында Бишкекте 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Эки команда тең F тайпасында экинчи орунда турат.

Крестинин оюнчулары шашып ойногонун, бирок аларга андай талап коюлбаганын айтты.

"Оюнда биз үстөмдүк кылдык, бирок ката кетти. Жакшы коргоно албай калдык. Эки таймда тең атаандаштын аймагында болуп, эки жолу гана олуттуу сокку узатуу жеңишке жетүү үчүн аздык кылат. Гол киргенден кийин биз атаандаштардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен катуу ойноп баштадык. Андыктан чабуулчу Кайрат Жыргалбек уулун талаага чыгардык. Чабуулга өтүүдө мыкты болгондорду экинчи таймга алып калганбыз. Абалды өзгөртүү керек болчу", — деди машыктыруучу.

Полузащитник сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
КР футболчуларынын абалы оор. Тайпада 2-орунду алган командалардын таблицасы
Ал ошондой эле оюнчулар мыкты позицияда турса дагы сокку урбаганын, бирок аларга ошондой тапшырма берилгенин белгиледи.

"22-23 метрден, албетте, сокку уруу керек. Ошондой тапшырма дагы берилген. Тилекке каршы, оюнчулар башка чечим кабыл алып коюшту", — деди ал.

Крестинин көтөрүп берүүлөр дагы болбогонун айтты. Мисалы, мыкты соккуларды жасай алган Валерий Кичиндин алыстан топ тебүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Машыктыруучу Кыргызстандын футболчулары каршылаштарына чабуулга өтүүгө жол бербегенин баса белгиледи.

"Биз алардын чабуулга өтүшүнө жол берген жокпуз. Болгону биздикилер чабуул учурунда соккуларды аз жасашты", — деди россиялык адис.

Машыктыруучунун айтымында, Виталий Люкс Өзбекстанга каршы оюнда жаракат алып калгандыгына байланыштуу борбордук чабуулчу позициясына Мирлан Мурзаев дайындалган.

Жөөлөшүп, ызы-чуу салып. Футболго билет саткан ортомчулардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөөлөшүп, ызы-чуу салып. Футболго билет саткан ортомчулардын видеосу
"Люкс 90 мүнөт бою ойной албай турганын түшүнүп турдук. Эгер ал жаракат албаганда оюнга биринчи мүнөттөн баштап кирмек. Бирок Мурзаев дагы четте калып калмак эмес. Виктор Майер дагы 90 мүнөт бою футбол талаасында боло албайт болчу. Эгер аларды алмаштырууга туура келсе эмне болмок? Элдин баары команданын Японияга каршы оюнуна кубанып жатышты. Андыктан бул учурда бир нерсени өзгөртүү маанилүү болбосо керек. 12-оюнчуну талаага чыгара албайсың да", — деди Крестинин.

Ал Кыргызстандын командасы ишенимдүү ойноп жатканын айтып, маселелер заматта чечилип калбай турганын белгиледи.

Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең чыккандан кийин 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла кыйындай түштү. Команда өз тобунда экинчи орунду ээлегендердин арасында эң акыркы орунда. Үчүнчү этапка 12 курама команда өттү. Алар сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган эң мыкты командалар. Кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0