Групповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши. Футболдон онлайн-репортаж

Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында беттешүүдө.

Эки команда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ойнойт.

Буга чейин командалар 13 жолу кездешкен.

Тажик футболчуларынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошевдин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жылдан жылга чеберчилиги артып бара жатканын айткан.

Виджет news
Мазмуну
21:39 19.11.2019
20:35 19.11.2019
20:32 19.11.2019
20:17 19.11.2019
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:53 19.11.2019
21:50 19.11.2019
21:49 19.11.2019
21:47 19.11.2019
21:47 19.11.2019

Тажикстандын командасында оюнчулар алмашты.

21:46 19.11.2019
21:42 19.11.2019

Виталий Люкс атаандаштарынын үшүн алып койду көрүнөт.

21:41 19.11.2019
21:37 19.11.2019

Кыргызстандын командасы эсепти теңеди. Тамирлан Козубаевдин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирди. Оюн эсеби 1:1.

21:36 19.11.2019

Кыргызстандык оюнчулардын бурчтан чыгарган тобу эсепти теңеп коё жаздады. Тамирлан Козубаев дарбаза жакка келген топту тебүүгө жетишпей калды.

21:34 19.11.2019

Экинчи таймдын аякташына 12 мүнөт калды.

21:32 19.11.2019
21:28 19.11.2019

Кыргызстандын оюнчуларында алмашуу болду. 22-номердеги Алимардон Шукуровдун ордуна 12-номердеги Одилжон Абдурахманов.

21:27 19.11.2019
21:21 19.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасынын жанында кооптуу учурларды жаратууда. КРдин курамасы батыл чабуул жасап жатат, бирок азырынча эсеп теңделе элек. Тажик оюнчулары 0:1 эсебинде алдыда.

21:20 19.11.2019

Оюн талаасына Виктор Майердин ордуна Виталий Люкс чыкты.

21:17 19.11.2019

Тажик футболчусуна оюн талаасында медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

21:16 19.11.2019
21:11 19.11.2019
21:10 19.11.2019

Тажик дарбазачысы тебилген топту тосуп кетти.

21:08 19.11.2019

Кооптуу абал жаралды. Кыргызстандык футболчулар бурчтан чыккан топту атаандашынын дарбазасына туштап тээп, бирок топ дарбазанын өйдө жагына кетти.

21:07 19.11.2019
21:06 19.11.2019
21:05 19.11.2019

Күйөрмандар оюнчуларга өз баасын берүүдө.

21:02 19.11.2019
21:01 19.11.2019

Кыргызстандын футболчулары дароо чабуулга өттү. Бекжан Сагынбаевдин тепкен тобу эсепти теңей алган жок.

21:00 19.11.2019
20:58 19.11.2019

Күйөрмандар футболду коомдук жайлардан дагы көрүп жатат.

20:46 19.11.2019

Биринчи тайм аяктап, оюнчуларга 15 мүнөт тыныгуу берилди. Эскерте кетсек, биринчи таймдын жыйынтыгы менен 0:1 эсебинде тажик оюнчулары алдыда баратат.

20:45 19.11.2019
20:43 19.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасы жакка ойноого аракет кылып жатат.

20:42 19.11.2019

Оюнга көз салган калыс Алимардон Шукуровго сары айып кагазы берилди.

20:41 19.11.2019

Биринчи таймдын аяктарына беш мүнөт калды.

20:39 19.11.2019

Тажикстандын дарбазачысы тебилген топту тосуп кетти. 

Кыргызстандын оюнчулары батыл чабуулга өттү. 

20:38 19.11.2019

Валерий Кичиндин тепкен тобу эсепти теңеп коё жаздады.

20:37 19.11.2019
20:33 19.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар атаандашынын дарбазасына кооптуу учурларды жаратты. Бирок футболчулардын аракетинен майнап чыккан жок.

Күйөрмандар "Кыргызстан" деп кыйкырып жатат.

20:33 19.11.2019

Бирок дарбазага жакындаганда атаандаштар топту футбол талаасынан чыгара тепти.

20:32 19.11.2019
20:30 19.11.2019

Валерий Кичин айып топту каршылашынын дарбазасына туштап тепти, бирок дарбазачы топту тосуп кетти.

20:29 19.11.2019

Гүлжигит Алыкулов атаандашынын дарбазасына болгон каршы чабуулу учурунда тажик оюнчусу чалып жиберип, айып топ дайындалды.

20:24 19.11.2019

25-мүнөттө эреже бузуу болду. Тажик оюнчусу оюн талаасында Алимардон Шукуров менен жөөлөшө кетти. Бирок кайта көрсөтүүдөн байкалгандай тажик оюнчусуна тийген деле эмес.

20:21 19.11.2019

Гүлжигит Алыкуловдун атаандашынын дарбазасына тепкен тобу аз жерден кирип кете жаздады. 

20:19 19.11.2019

Кыргызстандын оюнчулары чабуулга өттү. Бурчтан эки жолу тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок андан майнап чыккан жок.

20:16 19.11.2019

Тажик оюнчулары Кыргызстандын курамасына 17 мүнөттө алгачкы голун киргизди.

20:16 19.11.2019

Оюн көргөнү келген күйөрмандар.

Групповой этап Чемпионата мира 2022 года. Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
20:16 19.11.2019

Тажик оюнчусу эреже бузду.

20:14 19.11.2019

Тажикстандын оюнчулары чабуулга өтүп жатат. Бирок азырынча жыйынтык боло элек.

20:13 19.11.2019

Валерий Кичин тажик оюнчуларынын Кыргызстандын дарбазасы жакка келген тобун тосуп калды. 

20:10 19.11.2019

Тажикстандын оюнчулары чабуулга өтүүгө аракет кылышты. Бирок топту атаандаштарына алдырып жиберди.

20:09 19.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар атаандаштарына батыл чабуул жасап жатат. Оюн талаасында атамекендик команда үстөмдүгүн көрсөтүп жатат.

20:06 19.11.2019

Алимардон Шукуров бурчтан берилген топту атаандашынын дарбазасына туштап тепти. Бирок топ асманга кетти.

20:06 19.11.2019

Кооптуу учур болду. Кыргызстандык оюнчулар топту бурчтан чыгаруу укугун алышты.

20:03 19.11.2019
20:02 19.11.2019

Кыргызстандын курамасынын баштапкы курамы мына ушундай. 

Сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандык футболчулар менен оюнга чыкчу КР командасынын курамы айтылды
20:01 19.11.2019

Белгилей кетсек, бүгүнкү беттеште Кыргызстандын курамасы кызыл форма, тажик оюнчулары ак түстөгү форма кийишкен.

20:00 19.11.2019
19:57 19.11.2019

Стадионго агылып келген элдин аягы тыйыла элек.

19:54 19.11.2019

Стадиондо Тажикстан менен Кыргызстандын гимндери жаңырууда.

19:53 19.11.2019

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын оюнчулары оюн талаасына чыкты. Эки мамлекеттин желектерин да көтөрүп чыгышты.

19:53 19.11.2019
19:45 19.11.2019

Ал ортодо Кыргызстандын курамасын колдоо үчүн келген күйөрмандар стадионго кирип жатат.

19:38 19.11.2019

Кыргызстандын курама командасы оюн талаасына чыгып оюн алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.

19:30 19.11.2019

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн футболчулар таптакыр башка оюн көрсөтө турганын айтты. Сиздин оюңуз кандай?

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Южная Корея  - Sputnik Кыргызстан
Эртең такыр башкача оюн болот! Крестинин Тажикстанга каршы беттеш тууралуу
19:28 19.11.2019

Тажик футболчуларынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Кыргызстандын курама командасы боюнча өз пикирин билдирген.

Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Күчөп баратышат. Тажик машыктыруучусу кыргыз футболчулары тууралуу пикир айтты
19:15 19.11.2019

Футбол учурунда Бишкектин бир канча көчөсү жабылат. Айдоочулар эсиңирге алгыла.

Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Футбол учурунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Тизме
19:10 19.11.2019

Ал ортодо Мьянма менен Монголия бүгүн Мандалай шаарында беттешип, мьянмалыктар каршылашын 1:0 эсебинде утуп алган. Мелдеш Mandalar Thiri Stadium стадионунда өткөн.

19:05 19.11.2019
19:03 19.11.2019

Урматтуу окурмандар, Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында мелдешинин тексттик трансляциясын баштайбыз.

Баарыңыздар кош келиңиздер! Командага ийгилик каалайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0