Күйөрмандар оюндан кийин таштандынын баарын жыйнай кетишти. Сүрөт

© Sputnik / Бегимай БакашеваКыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Архив
Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин борборуна таштанды салган 35 контейнер орнотулган. Фанаттар беттешти көргөн Эски аянтты өздөрүнөн кийин тазалап кетишкен.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешинен кийин оюнду көргөнү келген күйөрмандар таштанды калтырган жок. Бул туурасында "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Мэрия Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасына таштанды салган 15, ал эми фанаттар оюн көргөн эски аянтка 20 контейнер орноткон.

"Тазалаганга эч нерсе деле калбаптыр. Эски аянттагы күйөрмандар таптаза кылып кетишти. Стадиондун айланасында да ошондой көрүнүш. Таштандыларды контейнерге чейин алып барганыңыздарга рахмат! Тазалыкты сактаганыңыздар үчүн чоң рахмат!" — деп жазган Каракеева Facebook тармагына.

Кечээ, 15-ноябрда, Бишкекте болгон Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары беттешип, жергиликтүү команда 0:2 эсеби менен жеңилип калган.

Sputnik Кыргызстан күйөрмандардын эмоциясын чагылдырган бир нече видеолорду даярдаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0