Оңой болгон жок! Япониянын машыктыруучусу КР менен беттеши тууралуу

© Фото / пресс-служба ФФКРТренер японской команды Мориясу Хадзимэ
Тренер японской команды Мориясу Хадзимэ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Самурайлардын" машыктыруучусу спортчуларынын жеңишти камсыздаганына карабастан, оюн алар үчүн оңой болбогонун билдирди. Мелдеш шейшемби күнү Бишкекте болду.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөткөнүн Япония командасынын машыктыруучусу Мориясу Хадзимэ жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.

14-ноябрда Бишкекте 2020-жылда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан Япониянын командасы менен беттешти. Оюнда 0:2 эсеби менен атаандаш тарап жеңүүчү аталды.

"Самурайлардын" машыктыруучусунун айтымында, кыргызстандык спортчулар техникалык жактан жакшы оюн көргөзө алды.

"Атаандаштарда жакшы мүмкүнчүлүктөр болгону менен ишке ашыра албай калып жатышты. Кыргызстан мен күткөндөй эле мелдешке абдан катуу даярданыптыр. Беттеш оңой болгон жок", — деген Хадзимэ.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0