Япониянын жеңишинен кийин F группасында кандай өзгөрүү болду? Таблица

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан кийинки оюнда Тажикстандын курама командасы менен беттешет. Матч 19-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте өткөн футбол оюнунда Япония Кыргызстанды уткандан кийин F тайпасындагы жобого көп деле өзгөрүү кирген жок.

2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. "Самурайлар" 0:2 эсеби менен жеңишин майрамдады.

Япония Кыргызстанды уткандан 12 упай топтоду. Команда жалпысынан төрт беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. Алтыдан упай топтоп экинчи сапта Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары турат. Бүгүн ошондой эле Тажикстан дагы Мьянма менен беттешип, 4:3 эсеби менен утулуп калды. Муну менен Мьянма үч упай алды. Ушундай эле көрсөткүчкө ээ Монголия төртүнчү сапта турат.

F-тайпасындагы абал
Япониянын жеңишинен кийин F группасында кандай өзгөрүү болду? Таблица - Sputnik Кыргызстан
F-тайпасындагы абал

Кыргызстан кийинки оюнда Тажикстандын курама командасы менен беттешет. Матч 19-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Матчтардын расписаниеси менен таанышып алыңыздар

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0