Япондуктар пенальтиден топ киргизип, эсепти ачышты

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Алгачкы топ биринчи таймдын 40-мүнөтүндө кирди.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Япониянын командасы пенальтиден топ тээп, эсепти 0:1 кылышты. Оюнду тейлеп жаткан аравиялык калыс оюндун биринчи таймы аяктап бара жатканда пенальти дайындаган.

Буга дарбазачы Кутман Кадырбековдун колу атаандаш команданын чабуул коюп келе жаткан футболчусу Такуми Минаминого тийип кеткендиги себеп болгон.

Белгилей кетсек, оюн 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүдө. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги стадион менен фан-зонадан тексттик трансляция жүргүзүп жатат. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0