Япония менен беттеше турчу КР командасынын курамы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу бул ирет ойнобой турган болду. Жыл башындагы Азия кубогунан кийин оюн талаасына алгач ирет дарбазачы Кутман Кадырбеков чыгат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы Япония менен ойной турчу спортчулардын тизмесин жарыялады.

Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
"Ак шумкарлар" — энергиясы күчтүү команда! Япон ЖМКлары бүгүнкү футбол тууралуу
Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагындагы беттеш саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ошондой эле күйөрмандар эски аянттын аймагынан да оюнду көрө алат.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин көзөмөлүндө беш коргоочу, төрт жарым коргоочу, бир чабуулчу жана бир дарбазачы болот.

Жыл башындагы Азия кубогунан кийин оюн талаасына алгач ирет дарбазачы Кутман Кадырбеков чыгат. Коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу сары картаны көп алгандыгы үчүн бул ирет ойнобойт. Анын ордуна жаракатына байланыштуу соңку эки оюнга чыкпай калган Виктор Майер оюн көрсөтөт. Жалпысынан курамда олуттуу өзгөрүүлөр жок.

Баштапкы курам:

Дарбазачы:

  • Кутман Кадырбеков (№13);

Коргоочулар:

  • Бекжан Сагынбаев (№11);
  • Валерий Кичин (№2, капитан);
  • Тамирлан Козубаев (№3);
  • Мустафа Юсупов (№4);
  • Виктор Майер (№6).

Жарым коргоочулар:

  • Эдгар Бернхардт (№9);
  • Алимардон Шүкүров (№22);
  • Гүлжигит Алыкулов (№8);
  • Фархат Мусабеков (№21).

Чабуулчу:

  • Мирлан Мурзаев (№10).
Жаңылыктар түрмөгү
0