"Ак шумкарлар" — энергиясы күчтүү команда! Япон ЖМКлары бүгүнкү футбол тууралуу

© Фото / пресс-служба ФФКРКубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины
Кубок Азии по футболу. Групповой этап. Кыргызстан — Филиппины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сааттан кийин Кыргызстан менен Япониянын курама командалары футбол талаасына чыгышат. Учурда миңдеген кыргызстандыктардын "Ак шумкарларга" жан тартып, жүрөгү дүкүлдөп турган кези.

Божомолдор ар кандай. Анткени Япония курамасы Азиядагы эң күчтүү командалардын бири. Курамында дүйнөнүн мен-мен деген клубдарында ойногон азаматтар бар.

Бирок бүгүнкү таймашты биз эле эмес, япониялык күйөрмандар дагы күн санап күтүп, жергиликтүү ЖМКлар беттешти утурлай ар кандай макалаларды жазып жатышат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан япон журналисттеринин эмгектерине көз салып көрдү. Буга бизге Күн чыгыш өлкөсүндө окуп жүргөн мекендешибиз Чыңгыз Сүйүнбек уулу жардам берди.

"Ак шумкарлар" эң энергиялуу команда"

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Япония беттеши. Учурда эмне болуп жатат? Сүрөт, видео
Yahoo! Japan басылмасы эки өлкөнүн футболчулары, оюн өтчү стадион жана машыктыруучулар жөнүндө "Бүгүнкү мелдеш: Япония менен Кыргызстан командалары тууралуу 7 факт" деген макала даярдады. Алгач эле Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан "Борбор Азиядагы Швейцария" деп аталып, курорттук өлкө катары белгилүү экенин жазган. Мындан тышкары, футбол Кыргызстанда спорттун эң популярдуу түрү экенин жана биздин футболчуларды эл "ак шумкарлар" дээрин айткан. Баса, кыргыз футболчуларын "Азия кубогунда көрсөткөн мыкты оюндары үчүн учурда чөлкөмдөгү энергиясы күчтүү команда" деп жазышты.

Макаланын аягында автор оюн өтчү стадион "самурайлар" үчүн бир аз ыңгайсыз экенине кейиген. Аны Бишкектин аба ырайы дагы бир аз тынчсыздандырган экен. Өзгөчө ноябрь айындагы салкын жел япон футболчуларына тоскоолдук жаратарын кошумчалады.

Азиянын эң алсыз командасы 5 жылда таанылгыс болуп өзгөрдү

Footballista сайтынын редактору Наоя Шинозаки "Беш жыл мурдагы Азиянын эң алсыз командасы же азыркы кыргыз футболу" деген аталыштагы макала даярдады.

Анда Кыргызстандын футбол командасы 2013-жылдын март айында ФИФАнын рейтингинде 201-орунду ээлесе, азыркы учурда 94-орунга көтөрүлө алганына баа берген. Аны Кыргызстан — Япония беттешинин билеттери сатыкка чыккан алгачкы күндөрү сатылып кеткени дагы кайдыгер калтырган жок. Мындан тышкары, Кыргызстандан чыккан белгилүү футболчулар тууралуу жазып, алардын арасынан учурда Россияда ойногон Илзат Ахметовго кыргыз футболу жакшы мектеп болгонун белгилеген.

Макаланын аягында оюнчулардын баасына токтолгон. Тагыраагы, Кыргызстандын курама командасы ойдогудай каржыланбай турганын, мисалы, командадагы 11 оюнчунун баасы япондордун бир Сёя Накадзимасынан 10 эсе аз экенин кошумчалаган.

Бишкектеги салгылаш

Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония - Sputnik Кыргызстан
Футбол: Кыргызстан менен Япониянын оюнуна букмекерлердин божомолу
Ошол эле Yahoo! Japan басылмасы бүгүнкү оюн жөнүндө дагы бир макала даярдаган. Анда бүгүн кечинде Кыргызстан менен Япониянын ортосунда тайпадагы биринчи орун үчүн катуу салгылаш болору айтылган.

Журналист Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун абалы япон футболчулары үчүн тоскоолдук жараткандыктан, оюндун башында эле темпти аныктап алуу алар үчүн маанилүү экенин эскертти.

Япон футболчулары жаңы форма кийип чыгат

Спорт жаңылыктарын жазган Nikkansports сайтынын маалыматына караганда, бүгүнкү мелдеште япон футболчулары коноктогу оюндарда кийилчү жаңы иштелип чыккан формасын алгачкы ирет кийип чыгышат. Команда жетекчилеринин бири оюнчуларга форманы тапшырып жатып, жаңы кийим менен бул оюнда команда жеңип чыгат деген ишеними бар экенин айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0