11:11 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архивдик сүрөт

Төрага Жумабеков футболчуларга ийгилик каалап, депутаттарды оюн көрүүгө чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан — Япония беттеши (31)
88 0 0

Япония менен Кыргызстандын футбол командалары бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешет.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн Японияга каршы ойной турган КР футболчуларына парламенттин атынан ийигилик каалады.

Белгилей кетсек, Япония менен Кыргызстандын футбол командалары бүгүн, 14-ноябрь күнү, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешет.

"Бүгүн оюнга чыга турган улуттук командага ийлигик каалап, жеңишке жетишине күч-кубат берип койсок. Алар бүгүн утуп чыгып бизди кубандырып, жакшы манай тартууларына ишенем. Албетте, Японияда дагы Азиядагы эң күчтүү командалардын бири. Бирок ага карабай биздин күчтүү футболчуларыбыз жеңишке жетет деп ойлом", — деди Жумабеков.

Ошондой эле депутаттарды эгер убактысы болсо, стадионго барып футболдук беттешти көрүүгө чакырды.

Аталган оюндар 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүп жатат.

Тема:
Кыргызстан — Япония беттеши (31)

Тема боюнча

Японияны ута алабызбы? Футбол федерациясынын башчысынын пикири
Кыргызстан — Япония беттеши: Бишкекте ири фан-зона пайда болот
Белгилер:
Кыргызстан, Япония, депутат, футбол, Дастанбек Жумабеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ