Алгач ирет октагонго чыккан Федосеев корей мушкеринин сазайын берди. Видео

© предоставлено Алексеем ФедосеевымКыргызстандык спортчу Алексей Федосеев. Архив
Кыргызстандык спортчу Алексей Федосеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу аралаш мушташтагы алгачкы кармашында кореялык мушкерди жеңген. Турнирдин уюштуруучулары дароо эле Федосеевге бир нече беттеш өткөрүүгө келишим сунуштаганы айтылган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Prosports_kyrgyzstan Instagram баракчасына кыргызстандык спортчу Алексей Федосеевдин Түштүк Кореядагы ММА боюнча дебюттук беттешинин видеосу жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЛУЧШИЙ СПОРТИВНЫЙ ПАБЛИК 🇰🇬 (@prosports_kyrgyzstan)

Атактуу кикбоксчу Йосу шаарында өткөн Road FC 056 турниринин алкагында үй ээси Го Ги Вонду калыстардын чечими менен утуп алган. Федосеев өз стилинде кол-буттун соккуларын узаткан. Ошондой эле бир учурда атаандашын буттан чалып, көтөрүп чапканын көрүүгө болот. Спортчулар 61 килограмм салмакта кармашкан.

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыгылып баратып бир тээп... ММА мушкеринин өзгөчө нокаут менен жеңген видеосу
Федосеевди жеңишинен кийин аталган уюмдун өкүлдөрү бир нече беттеш өткөрүүгө келишим түзүүнү сунуштаганын спортчунун менеджери Айбек Мусаев Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

Алексей Федосеев ушул жылдын сентябрь айында эле аталган ММА турниринин алкагында беттеш өткөрмөк. Бирок анын каршылашы жаракат алып, убактысы жылган.

Федосеев Кыргызстанга таанымал спортчу. Кикбокстун WAKO-PRO версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону, К-1 бөлүгү боюнча Азия чемпиону жана жабык имараттагы Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле Европанын жана Евразиянын чемпиону.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0