Бишкекке бүгүн түндө япониялык футболчулар келип конду. Сүрөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2010. Матч Парагвай - Япония - 0:0 (5:3)
Футбол. ЧМ-2010. Матч Парагвай - Япония - 0:0 (5:3) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония менен Кыргызстандын курама командалары 14-ноябрь күнү 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 11-ноябрга караган түнү Бишкекке Япониянын футбол боюнча курама командасы учуп келди. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынан билдиришти.

"Бишкекке айрым футболчулар менен бирге курама команданын машыктыруучулары, медиктери жана башкаруучулары келишти. Команданын чет өлкөлүк клубдарда жүргөн оюнчулары башка каттам менен учуп келишет", — деп айтылат билдирүүдө.

Япониялык футболчулар бүгүн "Дордой" спорт клубунда алгачкы машыгуусун өткөрөт.

Эки команда 14-ноябрь күнү 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0