БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун алкагындагы оюндарда Босния жана Герцеговинаны да утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Буга чейин КРдин курама командасы өзүнүн тобундагы Бириккен Араб Эмирлигин 9:4, Люксембургду 5:3 эсебинде жеңген.
Эми экинчи тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы декабрь айында Румыния, Израиль жана Исландия менен муз үстүндө кездешет.
Кошумчалай кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт.