КР хоккейчилери Босния жана Герцеговинаны да 15:3 эсеби менен утуп алды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүЧемпионат Континентальной хоккейной лиги между ПХК ЦСКА и ХК "Витязь"
Чемпионат Континентальной хоккейной лиги между ПХК ЦСКА и ХК Витязь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы декабрь айында Румыния, Израиль жана Исландия менен муз үстүндө кездешмекчи.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун алкагындагы оюндарда Босния жана Герцеговинаны да утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык хоккейчилердин 2022-жылкы олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүгү бар
Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Люксембург шаарында болгон беттеште атамекендик спортчулар босниялыктарды 15:3 эсебинде утуп, экинчи тандоо туруна өттү.

Буга чейин КРдин курама командасы өзүнүн тобундагы Бириккен Араб Эмирлигин 9:4, Люксембургду 5:3 эсебинде жеңген.

Эми экинчи тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы декабрь айында Румыния, Израиль жана Исландия менен муз үстүндө кездешет.

Кошумчалай кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0