Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатынан 8 алтын утту

© Фото / пресс-служба национальной федерации по грэпплингуЧемпионат мира по грэпплингу
Чемпионат мира по грэпплингу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжанда өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 29 спортчу барган. Командадагы жалгыз кыз - Айдай Орозбекова күмүш медалга ээ болду.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча өткөн Дүйнө чемпионатынан 8 алтын, эки күмүш жана жети коло медаль утту. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга КРдин Грэпплинг федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанский спортсмен Эрали Аскарбек уулу с сыновьями - Sputnik Кыргызстан
Эки уулу менен Чехияда дүйнө чемпиону болгон 47 жаштагы ата. Маек
Маалыматка ылайык, 8-9-ноябрь күндөрү Азербайжандын Баку шаарында UWW (Бириккен күрөш уюму — ред.) версиясында өткөн чемпионатка улуттук кураманын 29 спортчусу катышкан. Анын арасында окуучулар, улан-кыздар (кадеттер) жана ардагерлер бар.

Белгилей кетсек, ардагер спортчу Эрали Аскарбек уулу кимоночон жана кимоносуз категориялар боюнча чыгып, экөөндө тең алтын уткан. Ал эми командадагы жалгыз кыз - Айдай Орозбекова күмүш медалга ээ болгон.

Байге ээлеринин тизмеси:

  • Урмат Осмонкулов — 1-орун, 71 килограмм, адрагерлер категориясы;
  • Марс Калбаев — 1-орун, 62 килограмм, ардагерлер категориясы;
  • Эрали Аскарбек уулу — 1-орун, 66 килограмм, адрагерлер категориясы;
  • Кылымбек Маамытов — 1-орун, 56 килограмм, жаштар категориясы;
  • Элдос Абдыкерим уулу — 1-орун, 92 килограмм, жаштар категориясы
  • Урмат Осмонкулов — 1-орун, 71 килограмм, ардагерлер категориясы;
  • Эрали Аскарбек уулу — 1-орун, 66 килограмм, ардагерлер категориясы, Gi (кимоночон);
  • Айдай Орозбекова — 2-орун, 56 килограмм, кыз-келиндер (кадеттер) категориясы;
  • Адилет Иманалиев — 2-орун, 66 килограмм, адрагерлер категориясы;
  • Мирлан Аманов — 3-орун, 58 килограмм, жаштар категориясы;
  • Миррабос Раупов — 3-орун, 42 килограмм, окуучулар категориясы;
  • Илгиз Аскарбеков — 3-орун, 66 килограмм, окуучулар категориясы;
  • Элдияр Алымсейитов — 3-орун, 58-килограмм, уландар категориясы;
  • Жылдызбек Сакматов — 3-орун, 53 килограмм, уландар категориясы;
  • Султан Жанболотов — 3-орун, 59 килограмм, уландар категориясы;
  • Адилет Иманалиев — 3-орун, 66 килограмм, ардагерлер категориясы, Gi (кимоночон);
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0