Манас Ниязов 120 кг. торпокту эңип, баш байгени утуп алды. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Игрок сборной Кыргызстана по кок бору Манас Ниязов
 Игрок сборной Кыргызстана по кок бору Манас Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айылында чоң аламан улак болуп, мелдештер уюштурулган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов салмагы 120 килограмм болгон торпокту эңип, баш байгени алды.  Бул жеңишин Ниязов Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү да тастыктады.

Улакчынын торпокту эңип жаткан видеосу социалдык тармактарга жарыяланган болчу.

Ниязовдун айтымында, 7-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айылында чоң аламан улак өткөн. Анын алкагында оор салмактагы улакты жерден эңүү боюнча балбандар арасында мелдеш болгон.

"Атайын таразага тартып, 120 килограммдык торпокту жерге ташташкан. Аны эңип алууга бир нече улакчы аракет кылды. Натыйжада менин аракетим эсепке алынып, байгеге бир тай жана 100 доллар берилди", — деди Ниязов.

Мындан сырткары, ал аламан улактан да кур кол кайткан эмес. Ал жактан соорунга коюлган "Волга" үлгүсүндөгү автоунаа утуп алганы белгилүү болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@niyazov_manas)

Манас Ниязов 26 жашта, Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" аталган. Ал ойногон "Достук" Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.

Мындан сырткары, ал айылдарда өтчү аламан улакта дагы бир топ ийгиликтерге жетишкен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0