Футбол: Кыргызстандын курамасы өзбекстандык атаандаштарына утулуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол курама командасынын оюнчусу. Архив
Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында болуп, 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өттү.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы жолдоштук мелдеште Өзбекстандын командасына 1:3 эсебинде утулуп калды.

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичип алып элдин айласын кетирбе! Күйөрмандын этикети
Оюн Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында болуп, 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өттү.

Эске салсак, бул оюнда кыргызстандык командадан жарым коргоочу Алимардон Шукуров, коргоочу Виктор Майер жана капитан Валерий Кичин футбол ойногон жок.

Кыргыз футболчулары 14-ноябрь күнү япониялык, 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0