Волейболчу кыздар аймактык Азия чемпионатына катышат. Спортчулардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековВолейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда. Архив
Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат 8-ноябрдан 15-ноябрга чейин Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт. Волейболчуларга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 627 миң сом каралган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы курама команда аймактык Азия чемпионатына катыша турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 8-ноябрдан 15-ноябрга чейин Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан он эки спортчу катышат.

Команданын курамы:

  • Айдай Кадырова;
  • Мадина Мирлан кызы;
  • Алия Шумкарбекова;
  • Бурулсун Шарапидинова;
  • Алина Гаркушина;
  • Камила Оморбекова;
  • Марсель Мамытова;
  • Наргиза Акматова;
  • Алтынай Самат кызы;
  • Огулай Кудайкулова;
  • Анастасия Горлова;
  • Алина Петренко.

Волейболчуларды башкы машыктыруучу Абдухамид Айсаходжаев менен машыктыруучу Кылыч Сарбагышев жана калыс Нурбек Калыков коштоп кеткен.

Бул үчүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 627 миң сом каралганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0