Роналду досун колдоп футболго келген Хабибди эл нааразы болуп тосуп алды. Сүрөт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүUFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабиб Нурмагомедов португалиялык досун колдоо үчүн "Ювентус" командасынын "Локомотив" менен болгон оюнуна келген. Беттеш Москвада өткөн.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Футбол оюнун көрүүгө келген UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовду трибунадагы эл нааразы болуп тосуп алды.

Россиялык спортчу Москва шаарында өткөн "Ювентус" менен "Локомотив" командаларынын беттешине күбө болгон. Хабибдин "Ювентустун" оюнчусу Роналду менен эски дос экени маалым.

Мушкердин матчка келгени тууралуу жарыяны фанаттар ышкырык менен коштоп тосуп алышканын "Спорт-Экспресс" жазды.

​Беттештен кийин Нурмагомедов "Локомотивдин" оюнун баалап, Криштиану Роналдунун көрсөткөн футболуна ичи чыкпаганын билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sport-Еxpress/Спорт-Экспресс (@sport_express)

"Мыкты оюн болду, мага жакты. Роналду үч мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберди... Ырас эле ошентиптир. "Локомотивдин" оюну таң калтырды", — деген атактуу мушкердин сөзүн sport24.ru келтирди.

Хабиб москвалык клубдун деңгээли ушундай жогору экенин буга чейин ойлобогонун да жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0