UFC мушкери Рафаэль Физиев соңку беттешинде канча акча тапканы айтылды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКыргызский боец Рафаэль Физиев
Кыргызский боец Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар беш мүнөттөн үч раунд кармашкан. Кыргызстандык мушкер алдуу экендигин көрсөтүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздаган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Узаган жумада кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беделдүү делген UFC мушкерлер уюмунун турниринин алкагында алгачкы жеңишин камсыздаган.

Ал катышкан UFC Fight Night 162 турнири Сингапурда өткөн. Кыргызстандык мушкер октагондо америкалык мушкер Алекс Уайт менен кезиккен.

Улакчы Манас, Байыш жана Баяман Ниязовдор - Sputnik Кыргызстан
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт
Спортчулар беш мүнөттөн үч раунд кармашкан. Кыргызстандык мушкер алдуу экендигин көрсөтүп, калыстардын бирдей чечими менен жеңишти камсыздаган.

SportsDaily спорттук порталынын жазышынча, бул беттеши үчүн Физиев 23 500 доллар алган. Анын 10 миңин турнирге катышканы үчүн, дагы 10 миңин жеңиши үчүн, ал эми 3,5 миң долларды Reebok компаниясын жарнамалап алган. 

Физиевдин атаандашы 21 миң доллар тапкан. 16 миң доллар турнирге катышканы үчүн, 5 миң долларды Reebok компаниясын жарнамалап алган.

Физиев UFC уюмунун турнирине үстүбүздөгү жылдын апрель айында биринчи жолу катышкан. Санкт-Петербургдагы мелдеште ал россиялык Магомед Мустафаевге жеңилип калган. Экинчи ирет ал бразилиялык Алекс Сильва менен Уругвайда беттешмек, бирок бутунан жаракат алып калгандыктан катышпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0