Утулган мушкер рефериге кол салып ийди. Bellator турниринен видео

© AP Photo / Gregory PayanТурнир Bellator в Нью-Йорке
Турнир Bellator в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер муунтуу ыкмасына кабылгандан кийин рефери беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болгон. Калыстын мындай чечими америкалык спортчуну ачууланткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча беттеш өткөргөн америкалык мушкер Маркус Сурин утулганын билгенден кийин беттешти токтоткон рефериге кол салды.

Окуя Америкадагы Анкасвилл аймагында өткөн Bellator 232 турниринде болгон. Анда Сурин Девин Пауэлл менен беттешкен. Рефериге кол салуунун видеосун уюштуруучулар Instagram баракчасына чыгарган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bellator MMA (@bellatormma)

Экинчи раунддун аягында Пауэлл атаандашына карата муунтуу ыкмасын колдонгон. Жыйынтыгында калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Спортчуларды ажыраткандан кийин Сурин реферинин бутуна асылып, бир канча секунд кое бербей койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0