Жыгылып баратып бир тээп... ММА мушкеринин өзгөчө нокаут менен жеңген видеосу

Жазылуу
Мушкердин кармашын турнирдин уюштуруучулары мыкты деп таап, спортчуга сыйлык катары 3 миң доллар беришкен. Ал 25-октябрда "Битва в Волгограде" аттуу турнирдин алкагында беттешкен.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Имам-Шапи Мухтаров Волгоград шаарындагы турнирде өзгөчө нокаут менен жеңишин камсыздады.

Беттештин видеосун Jolassanda аттуу интернет колдонуучу Twitter баракчасына жүктөгөн.

​Мухтаров октагондо украиналык Анатолий Сафронов менен күч сынашкан. Алар 25-октябрда "Битва в Волгограде" аттуу турнирдин алкагында беттешишкен. Россиялык мушкер кулап баратып атаандашын жаакка бир тепкен. Натыйжада Сафронов биринчи раундда эле нокаутка кеткен.

РЕН ТВ телеканалы белгилегендей, Мухтаровдун кармашын мелдештин уюштуруучулары мыкты деп таап, ага сыйлык катары 3 миң доллар беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0