Сүйүнчү! Кыргызстандык мушкер алгачкы ирет One FC уюмунун курун тагынды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш бүгүн, 25-октябрда, Жакарта (Индонезия) шаарында болуп өттү. Кыргыз спортчусу 77 килограмм салмактагы швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолукту.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Fighting Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет бул уюмдун курун тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ONE Championship (@onechampionship)

Беттеш бүгүн, 25-октябрда, Жакарта (Индонезия) шаарында болуп өттү. Кыргыз спортчусу 77 килограмм салмактагы швециялык мушкер Себастьян Кадестан менен жолукту.

Мушкерлер беш раунд тең ат салышып, кыргызстандык спортчу калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
"Тайсон" Келдибеков дүйнөдөгү беделдүү уюм менен келишимин жаңыртты
Кыргызстандык мушкер ушул жылдын май айында аталган уюмдун турниринде мурдагы UFC мушкери Юшин Окамини нокаутка кетирген. Андан мурдагы турнирде малайзиялык Агилан Танини муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Уюмдагы биринчи турниринде жеңилүү ызасын тарткан.

ММА боюнча жалпысынан 21 беттешти утуп, төрт ирет утулган.

Ал эми швециялык мушкер чемпиондук наамга былтыр ноябрда татыган.

One FC — аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү беделдүү уюм. Ал UFC уюмунун атаандашы катары эсептелет. Көп учурда аталган лиганын мушкерлерин өзүнө "тартып алып" жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0