21:54 30 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.8000
  • EUR95.4770
  • RUB1.0311
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Турнирдин ачылышына Хоккей федерациясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, ПРООНдун жана Спорт агенттигинин өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада хоккей боюнча биринчи ирет "Ак илбирстин кубогу" мелдеши өттү. Бул тууралуу ПРООНдун Кыргызстандагы байланыш боюнча бөлүмүнөн кабарлашты.

  • В Бишкеке состоялся турнир по хоккею под названием Кубок снежного барса
    Борбор калаада хоккей боюнча биринчи ирет "Ак илбирстин кубогу" мелдеши өттү
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
  • В Бишкеке состоялся турнир по хоккею под названием Кубок снежного барса
    Турнир 21-22-октябрь күндөрү өттү. Шаардык муз аянтында "Алга-1", "Алга-2", "Алга-3", "Нарынские ястребы", "Кенешские пилоты" жана "КТЖ" командалары ат салышкан
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
  • В Бишкеке состоялся турнир по хоккею под названием Кубок снежного барса
    Спорттук иш-чаранын ачылышына Хоккей федерациясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, ПРООНдун жана Спорт агенттигинин өкүлдөрү катышкан
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
  • В Бишкеке состоялся турнир по хоккею под названием Кубок снежного барса
    Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду "Алга-1" командасы, экинчини "Алга-2", ал эми үчүнчү орунду "Кенешские пилоты" командасы алган.
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба ПРООН в КР
Борбор калаада хоккей боюнча биринчи ирет "Ак илбирстин кубогу" мелдеши өттү

Турнир 21-22-октябрь күндөрү өттү. Шаардык муз аянтында "Алга-1", "Алга-2", "Алга-3", "Нарынские ястребы", "Кенешские пилоты" жана "КТЖ" командалары ат салышкан.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Хоккей федерациясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, ПРООНдун жана Спорт агенттигинин өкүлдөрү катышкан.

"Мелдештин максаты — ак илбирсти сактоого үндөө. Беттештерден тышкары көрүүчүлөр менен жаш спортчуларга викторина, аквагрим (бетке сүрөт тартуу — ред.) боюнча мастер-класс жана оюнчук ак илбирстер менен фотосессия уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду "Алга-1" командасы, экинчини "Алга-2", ал эми үчүнчү орунду "Кенешские пилоты" командасы алган.

Маалыматта кыргызстандык хоккейчилер өлкөдөгү жана эл аралык чемпионаттарда "Ак илбирсти сактайлы" урааны менен катышып, аны коргоого үндөп келери айтылат.

Жыл сайын 23-октябрда Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленип келет. 2013-жылы жаныбарды жана анын байырлаган жерин сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, буга 12 мамлекет кол койгон.

Тема боюнча

Тай казан чуусун жараткан Өзбекстандагы көк бөрү чемпионаты өтпөй калды
Кыргызстан-Өзбекстан футболчулары беттешет. Орду, убактысы
Белгилер:
ак илбирс, турнир, хоккей, спорт, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ