"Алтын топтун" номинанттары жарыяланып, тизмеге атактуу Неймар кирбей калды

© AFP / FABRICE COFFRINIМыкты футболчуларга бериле турган беделдүү "Алтын топ" сыйлыгы. Архив
Мыкты футболчуларга бериле турган беделдүү Алтын топ сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге "Алтын топ" сыйлыгынын былтыркы жеңүүчүсү, "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Луки Модрич менен футбол жылдызы Неймар кирген эмес.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Франциялык France Football журналы мыкты футболчуларга бериле турган беделдүү "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Белгилей кетсек, "Алтын топ" сыйлыгы спортчулардын былтыркы жылдагы (2018) ийгиликтерине карап берилет.

Тизмеге "Ливерпуль" клубунан Мохаммед Салах, Садио Мане, Роберто Фирмино, Алиссон Беккер, Трент Александр-Арнольд, Вирджил ван Дейк жана Жоржиньо Вейналдум кирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ballon d’Or (@francefootball)

Ошондой эле талапкерлердин арасында Лионель Месси менен Криштиану Роналду дагы бар. Алар "Алтын топ" сыйлыгын беш жолу утуп, рекорд коюшкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ballon d’Or (@francefootball)

Башка талапкерлердин тизмеси:

  • Рахим Стерлинг, Серхио Агуэро, Бернарду Силва, Рияд Марез жана Кевин де Брейне ("Манчестер Сити");
  • Уго Льорис жана Сон Хин Мин ("Тоттенхэм");
  • Дони Ван де Бек жана Душен Тадич ("Аякс");
  • Килиан Мбаппе жана Маркиньос ("Пари Сен-Жермен");
  • Карим Бензема ("Реал"), Эден Азар ("Челси"/"Реал");
  • Марк-Андре тер Штеген ("Барселона");
  • Пьер-Эмерик Обамеянг ("Арсенал");
  • Антуан Гризман ("Атлетико"/"Барселона");
  • Жоау Фелиш ("Бенфика"/"Атлетико");
  • Кулибали ("Наполи");
  • Френки де Йонг ("Аякс"/"Барселона");
  • Роберт Левандовский ("Бавария");
  • Матейс де Лигт ("Аякс"/"Ювентус").

Белгилей кетсек, 30 футболчунун ичине "Пари Сен-Жермен" клубунун жылдызы Неймар, "Манчестер Юнайтеддин" лидери Поль Погба, ошондой эле "Алтын топтун" былтыркы жеңүүчүсү, "Реал Мадрид" клубунун оюнчусу Лука Модрич кирбей калды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0