Кыргызстандык балбандар студенттер арасындагы дүйнө чемпионатына барат. Тизме

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандын балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 28-октябрдан 3-октябрга чейин Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 21 балбан катышмакчы.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы студенттер арасындагы (U-23) дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, мелдешке грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнүн балбандары катыша алат. Дүйнө чемпионаты 28-октябрдан 3-октябрга чейин Будапешт (Венгрия) шаарында өтөт.

Грек-рим күрөшүнүн спортчулары:

  • Сардар Коңушбаев — 55 кг;
  • Элмар Талантбек уулу — 63 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
  • Халмурат Ибрагимов — 67 кг;
  • Бексултан Назарбаев — 72 кг;
  • Ренат Ильяс уулу — 77 кг;
  • Ильгиз Билимов — 82 кг;
  • Мелис Айтбеков — 87 кг;
  • Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
  • Улук машыктыруучу Арсен Эралиев.
  • Эркин күрөштүн балбандары:
  • Алмаз Сманбеков — 55 кг;
  • Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев — 65 кг;
  • Ислам Орозбеков — 70 кг;
  • Мансур Сыргак уулу — 74 кг;
  • Атай Изабеков — 79 кг;
  • Сымбат Сулайманов — 86 кг;
  • Динислам Таалайбек уулу — 92 кг;
  • Музафар Жаппуев — 125 кг;
  • Улук машыктыруучу Ислам Тазабеков.
  • Кыз-келиндер күрөшүнүн спортчулары:
  • Нураида Анаркулова — 57 кг;
  • Назира Марсбек кызы — 65 кг;
  • Айпери Медет кызы — 76 кг;
  • Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0