09:11 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив

Кыргызстан-Өзбекстан футболчулары беттешет. Орду, убактысы

© Фото / пресс-служба ФФКР
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
867 0 0

Мелдештен кийин оюнчулар Бишкекке кайтып, Япония жана Тажикстандын командасы менен боло турчу мелдештерге даярдык көрөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын оюнчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандык футболчулар 9-ноябрда Ташкенттин "Пахтакор" стадионунда беттешет. Андан кийин оюнчулар Бишкекке кайтып, Япония (14-ноябрь) жана Тажикстандын (19-ноябрь) командасы менен боло турчу мелдештерге даярдык көрөт.

2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын квалификациялык үч оюнунун жыйынтыгында Кыргызстан өз тайпасында Япониядан кийинки экинчи орунда турат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица
Белгилер:
мелдеш, Өзбекстан, Кыргызстан, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ