Илья Тяпкин жубайы Мария Коробицкая менен эл аралык марафонго катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая. Архив
Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөө күлүктөр Амстердамда жарышка катышып, андан соң ошол жакта калып Азия чемпионатына даярдык көрүшөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин жубайы Мария Коробицкая экөө эл аралык марафонго катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Жеңил атлетчилер 20-октябрь күнү Голландиянын Амстердам шаарында жарышка катышып, 42 чакырымга чуркашат. Андан соң ошол жакта калып 16-ноябрга чейин Азия чемпионатына даярданмакчы.

Машыгууларга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын бюджетинен 116 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0