Нарындагы турнирде баш байгени ысыккөлдүк балбан утуп алды

© © SputnikТурнир по вольной борьбе в Нарыне
Турнир по вольной борьбе в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчүлөрдүн арасында эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап келген Алексей Крупняков, Улукбек Жолдошбеков өңдүү таанымал спортчулар болду.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы эркин күрөш боюнча чоңдор арасында өткөн турнирдин баш байгесине коюлган автоунааны Ысык-Көл облусунан келген балбан Усупов Саякбай утуп алды.

Спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
60ка чукулдап калган кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды
Эске салсак, Нарын шаарындагы эркин күрөш боюнча "Нарын кубогу" аталышындагы чоңдор арасында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 100дөн ашык балбан катышкан республикалык турнир уюштурулган. Баш байгени демөөрчүлүк кылган Кубан Абас уулу жеңүүчүгө тапшырды.

Андан тышкары, бардык салмактык категорияда байгелүү орундарды камсыздаган балбандарга медаль, диплом жана акчалай байгелер тапшырылды. Арасында эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап келген Алексей Крупняков, Улукбек Жолдошбеков өңдүү таанымал спортчулар бар.

Уюштуруучулар бул турнир жылына өткөрүлүп турарын маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0