Нурмагомедов челлендж уюштуруп чакырык таштаган Ибрагимовичке жооп берди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Швеция - Бельгия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Швеция - Бельгия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин швециялык "Лос-Анджелес Гэлакси" клубунун чабуулчусу "Матрица" киносундагы Неонун кыймылын туураган челлендж жарыялаган. Анын эрежеси боюнча топту баштан өйдө тээп, ал түшүп келе жатканда чалкалап, төшү менен тосуп кармап туруу керек.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичтин "Матрица" киносунун баш каарманынын кыймылына окшогон челленджинин чакырыгына жооп берди. Бул туурасында Р-Спорт жазды. 

Челлендждин уюштурулганы буга чейин айтылган. Эреже боюнча топту баштан өйдө тээп, ал түшүп келе жатканда чалкалап, төшү менен тосуп кармап турушу керек. Ал белгилүү теннисчи Новак Джоковичке, футбол агенти Мино Райол, футболчу Поль Погба жана UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго дагы бул ыкманы жасоого чакырык таштаган.

​Мушкер Instagram баракчасына популярдуу тиркеменин жардамы менен жасалган сүрөтүн жүктөп, Ибрагимовичтин аккаунту менен челлендждин хэштегин жүктөгөн. Тиркеме ал швециялык футболчуга окшош экендигин көрсөткөн.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жеңил салмак категориясы боюнча UFC чемпиону. ММА боюнча 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0