Ардагер балбан Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстанский борец Чынарбек Изабеков
Кыргызстанский борец Чынарбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан эркин күрөш боюнча 100 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Финалда ирандык спортчу Али Аббас Чехрехке 1:2 упай эсебинде утулуп калган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков Тбилисиде (Грузия) өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул туурасында Бириккен күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында жазылган.

Беттештин видеосун Instagram колдонуучулары жүктөдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Тахир Гафуров (@tahir__gafurov)

Балбан эркин күрөш боюнча 100 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Белгилей кетсек, 8/1 финалда казакстандык атаандашы Куаныш Мырза беттешке чыкпай койгондугу үчүн Изабеков автоматтык түрдө чейрек финалга чыгып, Сауд Аравиядан келген Фредерик Ду Призди 11:0 эсеби менен уткан. Жарым финалда 2:2 эсеби менен ирандык Сохраб Рахматабадини жеңген (спортчунун акыркы аракети менен жеңиш ыйгарылган. — ред). Ал эми финалда дагы бир ирандык балбан Али Аббас Чехрехке 1:2 упай эсебинде утулуп калган.

Боксерский бой Дмитрия Бивола и Ленина Кастильо в полутяжелом весе в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды
Изабеков 2017-жылы Болгариянын Пловдив шаарындагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль утуп келген. Андан бир жыл мурда, 2016-жылы октябрда, Валбжихе (Польша) шаарында өткөн дүйнө чемпионатында чемпион болгон.

Изабековдон тышкары, Грузиядагы чемпионатта кыргызстандык төрт ардагер балбан байгеге ээ болду. Эркин күрөш боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев алтын медаль, Бердикул Караев менен Билимбек Капарбек уулу күмүш медаль алган, ал эми грек-рим күрөшүнөн Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0