Ичим чыкпайт. Стивен Сигал Хабиб Нурмагомедов тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүГолливуддун белгилүү актеру Стивен Сигал. Архив
Голливуддун белгилүү актеру Стивен Сигал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу актер, режиссер Стивен Сигал UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго ичи чыкпай тургандыгын айтып, аны чемпион катары көрбөгөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Голливуддун белгилүү актеру Стивен Сигал жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовду ММА боюнча мыкты мушкер деп эсептебей тургандыгын айткан. Бул туурасында RT жазды.

"Азыр, ушул маалда Хабиб Нурмагомедов ММА боюнча мыкты мушкерби? Жок", — деген Сигал RT ресурсуна берген маегинде.

Ал ММА ичиндеги айкидо боюнча өкүлдөрдү билбей тургандыгын кошумчалаган.

Буга чейин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кийинки атаандашы америкалык Тони Фергюсон боло тургандыгы айтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0